Манас шаарындагы ири объектилер Курулуш министрлигинин көзөмөлүнө өткөрүлөт

Манас шаарындагы ири объектилер Курулуш министрлигинин көзөмөлүнө өткөрүлөт
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев шаардагы ири курулуш объектилеринин подрядчы компанияларынын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев катышты.
Жолугушууда Манас шаарында курулуп жаткан ири социалдык объектилердин мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруусу, долбоорлоо иштеринин сапаты, курулуштун наркы жана курулуш иштерин баштоодогу талаптардын сакталышы талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө министр айрым курулуш объектилерине коюлган сметалык баалар жогору экенин белгилеп, аларды кайрадан карап чыгуу зарылдыгын айтты.
Министрдин маалыматына ылайык, Манас шаарындагы төмөнкү объектилер министрликтин карамагына өткөрүлөт: алар 5200 орундуу Спорт сарайы, облустук оорукананын 7 кабаттуу кошумча имараты, Президенттик “Акылман” лицейи, Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясынын илимий борбору, шаардык музейдин имараты жана Көк-Арт дарыясынын жээгинде курулуучу насостук станция.
Мындан тышкары, Манас шаарында 6 млрд 800 млн сомго курулуп жаткан облустук филармониянын курулушу убактылуу токтотулат. Анын долбоору кайрадан каралып чыгып, кийинки этапта объекттин көлөмүн кыскартуу мүмкүнчүлүгү карааары айтылды. Ошондой эле, министрлик Сузак районунун Багыш айылындагы эс алуу багынын жана Чаткал районунундагы оорукананын курулушун көзөмөлгө алат.
Министр Нурдан Орунтаев бул чаралар президенттин тапшырмасына ылайык, курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүүгө, объектилерди өз мөөнөтүндө бүткөрүүгө жана бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууга багытталганын белгиледи. Ошондой эле Манас шаарындагы башка курулуш иштеринин жүрүшү белгиленген тартипте улантыларын кошумчалады.