Манаста алгачкы жолу тизе муунду алмаштыруу операциясы жасалды
Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук биргелешкен клиникалык бейтапканасынан билдиришти. Маалым болгондой, оорукананын травмотолгия-ортопедия бөлүмүндө бир күндө жасалган 2 уникалдуу операция тең академик Сабырбек Жумабековдун коштоосунда жасалган. Анда алгач 69 жаштагы жаранга жамбаш сөөккө жасалма муун коюлса, андан соң алгачкы жолу 66 жаштагы Базар-Коргон районун тургунуна тизе муунду алмаштыруу операциясы жасалды.
“Буга чейин бизге 69 жаштагы бейтап кайрылган, ага биз “коксартриоз” деген диагноз коюп, операция жасануу пландап, бирок качан болоору так эмес болчу. Ага удаа эле 66 жаштагы бейтаптын тизе муунун алмаштырууну да пландап жүргөнбүз. Бул боюнча Бишкектеги Травматология жана ортопедия улуттук борборунун директору, академик Сабырбек Жумабеков агайга айтсак ал макул болуп келип, эки операцияны тең ийгиликтүү жасадык. Тагырагы биринчи бейтаптын кашка жилигинин башы алмашылды, аны менен бирге Жалал-Абадда биринчи жолу бейтаптын тизе муунун алмаштырдык (эндопротезирование коленного сустава). Учурда операция жасалган бейтаптардын абалы туруктуу”,-деди облустук бейтапкананын Травмотология-ортопедия бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Тайланов.


