Жалал-Абад облусунун аймагында 600дөн ашуун бош жумуш орундары бар
Мындай маалымат бүгүн, 6-ноябрда Манас шаарында өткөн “Манас Экспо-2025” эл аралык форумунда белгилүү болду. Форумдун алкагында, облус аймагында ишмердигин жүргүзгөн айыл чарба, жеңил өнөр жай тармагында иш алып барган ишкерлердин продукциядарынын жарманкеси да уюштурулду.
“Бүгункү форумдун алкагында бош жумуш орундар жарманкеси да келген кишилерге сунушталды. Мында облус боюнча жалпы 600дөн ашуун ваканция көрсөтүлдү. Негизинен курулуш, жеңил өнөр жай, кызмат көрсөтүү тармактарында жумушчулардын зарылчылыгы пайда болгон”,-деди Манас шаардые эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Назира Жакыпова.