Ноокенде быйыл пахтанын баасы 73 сомго чейин жетти

Ноокенде быйыл пахтанын баасы 73 сомго чейин жетти

Ноокен районунда быйыл 1 килограмм пахтанын баасы 73 сомго чейин көтөрүлдү. Райондогу дыйкандар учурда пахтанын экинчи теримин жыйынтыктап жатышат.

Бул тууралуу Ноокен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Муратбек Жунусов маалымдады. Анын айтымында, 2025-жылы райондо 2 597 гектар жер аянтына пахта эгилген, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 230 гектарга аз.

“Бүгүнкү күндө райондогу дыйкандар пахтанын экинчи теримин жыйынтыктап жатышат. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 35 центнерди түзүүдө. Азыркы тапта жалпы 7 835 тонна була жыйналды. Өткөн жылы 3 827 гектар жерге пахта эгилип, орточо түшүмдүүлүк 33,6 центнерди түзүп, жалпы 12 859 тонна пахта жыйналган. Салыштырмалуу пахта аянты кыскарганы менен түшүмдүүлүк жогорулады. Ошондой эле быйыл баалар да өстү. 2024-жылы 1 кг пахта 57–60 сомдон сатылса, быйыл 70–73 сомдон бааланууда”, — деди Муратбек Жунусов.

Башчынын маалыматына караганда, пахта аянты азайганы менен түшүмдүүлүктүн жогорулашы жана баанын өсүшү дыйкандар үчүн пайдалуу болду.

Маалымат катары, Ноокен районунда жалпы 20 474 гектардан ашык айдоо аянты бар. Анын ичинен:

  • 4 677 гектарга — жүгөрү,

  • 2 597 гектарга — пахта,

  • 3 248 гектарга — жашылча,

  • 4 586 гектарга — беде,

  • 1 671 гектарга — бакча өсүмдүктөрү,

  • 527 гектарга — шалы,

  • 133 гектарга — картошка айдалган.