Манас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Байзаков кызматтан бошотулду
Мындай маалыматты шаардык мэриядан ырасташты. Белгилүү болгондой, тиешелүү буйрукка 17-апрель күнү шаар мэри Абдупата Макткаликов кол койгон. Ага анын өз каалоосу менен арыз жазганы себеп болгон.
“Жаңыдан дайындалчу жетекчинин талапкерлигин Агартуу министрлиги көрсөтүп, мэрдин буйругу менен дайындалат”-,деди шаар мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Кубаныч Шерматов.
Жеңишбек Байзаков 2025-жылдын июнь айында Жалал-Абад шаардык (азыркы Манас шаарынын) билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалган болчу. Буга чейин ал калаадагы Курманбек Баатыр атындагы кыргыз-түрк балдар лицейин жетектеп келген.
Кошумчалай кетсек, Манас шаарында 30 мектеп, 31 балдар бакчасы бар. Аларда 3200дөн ашуун билим берүү кызматкерлери эмгектенет.