Тогуз-Тородо 5 күн мурда Нарын дарыяга агып кеткен адамды Токтогулдан да издеп жатышат
Тогуз-Тородо 5 күндөн бери Нарын дарыясына түшүп кетип дайынсыз болуп жаткан 41 жаштагы киши изделүүдө. Мындай маалыматты ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынан билдиришти. Маалым болгондой, бүгүнкү күнү аны издөө иштери Токтогул районунун аймагында да улантылып жатат.
“9-апрель күнү Тогуз-Торонун Кара-Суу айылындагы Көк-Таш тилкесинде 1985-ж.т. А.А. аттуу жаран Нарын дарыясына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат ӨКМге түшкөн. Аны издөөгө 5 куткаруучу,1 дрон жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган. Бүгүнкү күнү кошумча издөө иштерине Токтогул райондук №60 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылган”-,деп айтылат мекеме берген маалыматта.
Кошумчалай кетсек, ушул күндөрү Нарын дарыясына чөгүп кетти делген 3 киши изделүүдө. Алардын алгачкылары 5-апрелде Нарын облусунда сууга чөккөн 5 жаштагы бала, ошол эле күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылындагы 8 жаштагы бала.

