Таш-Көмүрдө кубатуулугу 30 мегаВаттык күн электр станциясы курулууда (сүрөт баян)
Ушул тапта күндөн энергия топтоочу панелдерди орнотуу үчүн атайын тирөөчтөр коюлуп, даярдык иштери жүрүүдө. Курулуш иши менен таанышкан Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев электр энергиясына болгон суроо талап өсүп жаткан учурда, бул өңдүү кайра жаралуучу булактардан электр жарыгын өндүрүү калк муктаждыгын гана чечпестен, экологияны да коргоп, өлкөнүн жашыл энергетика тармагына басым жасаган артыкчылыктуу багытан экенин айтты.
Маалым болгондой, “GRK Solar Energ” компаниясы тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан бул долбоордун наркы 20 млн АКШ долларына бааланган. Анын биринчи этабы аяктоо алдында турат, тагырагы быйыл жыл аягына чейин 5 мегаваттык ток өндүрүү күтүлүүдө.
Долбоордун жетекчиси Нурдин Ниязов буга чейин Бишкек шаарында ушундай долбоор ишке киргенин, бүгүнкү күнү ал ийгиликтүү иштеп жатканын айтты.
"Күн электр станциясы курулуп жаткан аймакта мурда көмүр шахталары жайгашкан. Учурда аталган жерлер толук калыбына келтирилип, өндүрүштүк жана коммерциялык пайдаланууга ылайыкташтырылды. Курулуш иштери экологиялык талаптар сакталган шартта, калыбына келтирилген аймактарда жүргүзүлүүдө. Адистердин алдын ала текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы менен бул жер күн электр станциясы үчүн эң эффективдүү аймак катары табылды. Станцияны этап-этабы менен ишке киргизилип, быйыл жыл аягына чейин 5 мегаваттык электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө. Уникалдуу долбоордун жалпы кубаттуулугу 30 мегаватка эсептелген",-деди ал.
Таш-Көмүр шаарындагы күн электр станциясы, Жалал-Абад облусунда алгачкы ирет ишке ашырылып жаткан бул багыттагы ири долбоорлордун бири.











