Жалал-Абадда мектептин курулушунда мамлекетке 3,5 млн сомдой зыян келген

Мындай маалыматты, Жалал-Абад облустук прокуратурасынан билдиришти. Маалым болгондой, калаанын Ынтымак айылында жайгашкан М.Төрөмаматов атындагы орто мектебинин курулушда тиешелүү кызматтар тарабынан иш-жүзүндө аткарылбаган жумуштар кабыл алынган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ишти облустук милиция тергеп жатат.
«Жалал-Абад областтык капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, “Ф” ЖЧКнын менен алдын ала тил бириктиришип, “М.Төрөмаматов” атындагы орто мектебинин капиталдык курууда каралган бетон лотоктордон жүрүүчү суу агуучу курулмалар, курама бетон конструкциялары, волейбол, гимнастикалык, баскетболдук аянтчалар курулбагандыгына жана мектеп эмеректер толук камсыздалбагандыгына карабастан официалдуу иш-кагаздарга жалган маалыматтарды киргизишип, жумуштардын аткарылгандыгы боюнча актыларды кабыл алышып, “Ф” ЖЧКнун кызыкчылыгын көздөп, мыйзамсыз түрдө төлөмдөр жүргүзүлүп, мамлекетке 2 640 980 сом зыян келтирилген.
Мындан тышкары, аткарылган иштерди кабыл алуу актысына ылайык, “Ф” ЖЧКнун кызматкерлери 1 188 000 сомдук 250 кВт ток чыгаруучу генераторду 2 030 000 сомго алынгандыгын көрсөтүшүп, мыйзамсыз 842 000 сомго кымбаттатылып кабыл алынгандыгы аныкталган»,-деди Жалал-Абад облустук прокуратурасынын бөлүм башчысынын орун басары Айдин Дегенбаев.
Мындан сырткары ал текшерүүнүн жыйынтыгы менен, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 337-бер. 2-б. (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 379-бер. 1,2-б. (документтердин жасалмасын жасоо) жана 210-бер. 4-б. (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмыш иш Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгына жиберилип, азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын кошумчалады.
Эске салсак, М. Төрөмаматов атындагы мектептин курулушу 2019-жылдын ноябрь айында башталып, 2024-жылдын август айында бүткөрүлүп, мамлекеттик кабыл алуудан өткөрүлгөн. Курулуштун жалпы наркы 120 млн 482 миң 530 сомду түзгөн.