Манаста эми улгайган жарандар фитнес борбордо ден-соолугуна кам көрөт
Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалык буйрутмасы менен ачылган бул жай шаардык мэриянын жер төлөөсүндө ишин баштады. Долбоорду ишке ашырган “Аймира” коомдук фондунун жетекчиси Нүргүл Жолоева бул жайда 70 жаштан жогорку жарандар акысыз машыгаарын айтат.
“Биздин бүгүнкү коомдо жашы улгайгандар адатта үйдө небере багып же бир айда бир туугандар менен шеринеге гана барбаса башка учурда үйүнөн чыкпайт. Мындан улам биз улуу муундагы аталар, апалардын башын бириктирип, баарлашуучу жай түптөөнү ойлонуп жүргөнбүз. Мындан улам улуу муундагылар үчүн фитнес борбор түптөдүк. Мында апалар, аталар келип өз саламаттыгына кам көрүшөт.
Имарат издеп шаардык мэрияга кайрылганыбызда алар мэриянын жер төлөсүнөн жай бөлүп беришти”-,дейт Н. Жолоева.
Буга чейин Тогуз-Тородо да аялдар үчүн машыгуу залы ачылган болчу.










