Манас шаарында ийгилик жараткан спортчулар жана алардын машыктыруучулары сыйланды

Манас шаарында ийгилик жараткан спортчулар жана алардын машыктыруучулары сыйланды

  Иш чара бүгүн 23-мартта каладагы Б. Алыкулов атындагы драма-театрында уюштурулган. Ага калаа башчысы Абдупата Маткаликов, шаардык кеңештин депутаты Каныбек Маманов, Манас шаардык дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Талас Нуралиев жана спортчулар катышты. Маалым болгондой, сыйлоо үчүн шаар казынасынан 4 млн сомдон ашуу каражат бөлүнүп берилген.
“Иш чара 6-апрель бүткүл дүйнөлүк спортчулар күнүн утурлай уюштурулду. Анда өткөн 2025-жылдын жыйынтыгы менен Манас шаарынын атынан мелдештерге катышкан спортчулар чакыртырылган. Жалпысынан  спортчу жана алардын машыктыруучулары болуп 54 киши акчалай сыйлык жана шаардык мэриянын ардак громаталарына татыды. Спотчулар жараткан ийгиликтерине жараша 30 миң сомдон 450 миң сомго чейин акчалай сыйлык алды”-,деди бөлүм башчы Талас Нуралиев.
Кошумчалай кетсек, Манас шаарында 5 Олимпиадалык резердин мектеби бар. Мында спорттун олимпиадалык 7 түрү тагыраагы, бокс, дзюдо, жеңил атлетика, оор атлетика, грек-рим күрөшү, балдар, кыздар эркин күрөшү боюнча окуу-машыгуулар жүргүзүлөт. Мындан сырткары калаада 1 бокс академиясы жана 1 стадион бар. Сөз болуп жаткан адистешкен мектептерде жалпы 3 миңден ашык окуучу окуп машыгат.
Эске салсак, 6-апрель дүйнө жүзүндө Спортчулар күнү катары белгиленет. Бул күн расмий түрдө Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 2013-жылы жарыяланган жана “Өнүгүү жана тынчтык үчүн спорттун эл аралык күнү” деп аталат. Кыргызстанда да бул күн спортчуларга урмат көрсөтүү, мелдештерди уюштуруу жана жаштарды спортко тартуу максатында белгиленет.