Сузак районунда социалдык шаарчанын курулушуна капсула салынды
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Сузак районунун Бек-Абад айылындагы Газпром участкасында 3 гектар жер аянтына курула турган социалдык шаарчанын пайдубалына капсула салуу аземине катышты.
Долбоордун алкагында 32 батирлүү турак жай, мечит, фельдшердик-акушердик пункт, тигүү цехи жана 300 орундуу мектеп куруу пландалган.
Социалдык шаарча “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.
Облус башчысы Тилек Текебаев жергиликтүү тургундарды долбоордун башталышы менен куттуктап, бул демилге аймактын инфраструктурасын чыңдоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана калктын жашоо шартын жакшыртууга салым кошорун белгиледи.