Манаста эл аралык музейлер күнү белгиленди
Калаадагы жаңы админстративдик имаратта жайгашкан бул тарыхий жайда өткөн иш чарага шаар мэри Абдупата Маткаликов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу, тарыхчылар жана студенттер катышты. Иш чаранын жүрүшүндө конокторго музейдеги экспонаттар көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланды.
Сөз болуп жаткан музей 1972-жылы 30-декабрда негизделген. 1978-жылы Ош облустук музейинин Жалал-Абад филиалы катары иштей баштаган. Ал эми өлкө эгемендүүлүк алган 1991-жылдан тарта кайрадан Жалал-Абад аймак таануу музейи катары ишин уланткан. Былтыркы жылы мекеме аталышын Манас шаардык тарых музейи деп аталышын өзгөрткөн, бүгүнкү күндө 5 миңден ашык экспонаты бар бул жайда 7 кызматкер эмгектенет. Маданий жайга жылына орто эсеп менен 5 миңден ашык көрүүчү келет. Мында негизинен көчмөн кыргыздардын жашоо-тиричилигинде
кеңири колдонгон буюм-тайымдары, кийинчерээк СССР учурунда
колдонулган техникалардан тарта уз-чеберлердин кол өнөрчүлүгү да орун алган. Алардын ичинен эң баалуу буюм — 3-кылымга таандык аскер адамынын темир сооту. Аны салмагы 9 кг жетет. Мындан сырткары орто кылымдарга таандык делген аялдардын паранжиси да баалуу буюм катары сакталынып келинет.
Кошумчалай кетсек, Эл аралык музейлер күнү 1977-жылдан тарта 18-майда Эл аралык музейлер кеңеши тарабынан негизделген. Анын максаты — музейлердин коомдогу ордун күчөтүү жана маданий мурастарды сактоонун маанисин коомчулукка жеткирүү болуп саналат.



















