Бүгүн, 13-май күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын тургундары менен жолугушту.
Жолугушууга жалпысынан 260тан ашуун тургун катышып, 46 жаран тарабынан 83 маселе көтөрүлдү.
Аймак тургундары негизинен турак жай, жайыт, ички жолдорду оңдоо, таза суу маселеси, райондук жана облустук ооруканалардын алыстыгы, төрөт үйүнө болгон муктаждык, жер тилкелерине байланышкан талаш маселелер, №45 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу үчүн имараттын жоктугу, ирригация тармагындагы көйгөйлөр, Жерге-Тал айылындагы эскилиги жеткен бала бакчанын имаратын жаңылоо жана жеке укуктук маселелер боюнча кайрылышты.
Облус башчысы көтөрүлгөн ар бир маселе боюнча жооп берип, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине маселелерди чечүү жана көзөмөлгө алуу боюнча тапшырмаларды берди. Ошондой эле жарандардын арыз-кайрылуулары тиешелүүлүгүнө жараша укук коргоо органдарына тапшырылды.