«Кыргызнефтегаз» чийки мунайды жеке жактарга сатууга чектөө киргизилди

«Кыргызнефтегаз»  чийки мунайды жеке жактарга сатууга чектөө киргизилди

«Кыргызнефтегаз» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Самсаалы Четимбаев ишкананы жетектей баштагандан бери өндүрүштүк жана каржылык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу багытында бир катар маанилүү чечимдерди кабыл алды.

Башкармалыктын протоколдук чечимине ылайык, ишкана өзү өндүргөн чийки мунайды жеке жактарга сатууга чектөө киргизилди. Мындан ары чийки мунай «Кыргыз Петролеум Компани» мунайды кайра иштетүүчү заводунда иштетилип, андан алынган даяр продукциялар гана рынокко чыгарылат.

Ишкананын жетекчиси С. Четимбаев белгилегендей, бул чечим кошумча кирешени жогорулатуу аркылуу компаниянын каржылык туруктуулугун камсыздап, өсүшүнө өбөлгө түзөт.