МинКаб төрагасы А.Касымалиев курулуп жаткан ипотекалык турак жайлардан кабар алды

МинКаб төрагасы А.Касымалиев курулуп жаткан ипотекалык турак жайлардан кабар алды

Жалал-Абадка болгон жумуш сапарынын алкагында МинКаб Төрагасы  Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан Жалал-Абад шаарында ишке ашырылып жаткан турак жай комплекстеринин курулушунун жүрүшү менен таанышты.  

Мында курулуп жаткан батирлер “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларына “Социалдык ипотека”, “Жеңилдетилген ипотека”, “Жеткиликтүү ипотека” багыттары боюнча, ошондой эле үлүштүк турак жай куруу механизминин алкагында берилет.  

“Асман Резиденс 2” турак жай комплекси 400дөн ашуун батирден турат. Долбоор 2025-жылдын экинчи кварталына карата аяктоосу күтүлүүдө. Ал эми, “Асман Резиденс 1” турак жай комплекси 600дөн ашуун батирден турат. Анын курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын апрель айында бүтөөрү күтүлүүдө.