Жалал-Абадда бокс боюнча жаштар биринчилиги болду
Бул тууралуу Жалал-Абад облустук дене-тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Нурсултан Рустамов билдирди. Анын айтымында мелдеш калаадагы Раатбек Санатбаев атындагы балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебинде уюштурулган.
«Спорттун бокс түрү боюнча облустук жаштар биринчилиги болду. Ага дубандагы район-шаарлардан 300дөн ашык мушкерлер катышты. Жаш боксчулар 14 салмак категориясында эркек балдар жана кыздар рингде күч сынашышкан. 2011-2012-жылы туулган балдар арасынан 1-2-орунду камсыздап, жеңүүчү деп табылган жаш 30 мушкер Кара-Балта шаарында өтчү бокс боюнча өлкө биринчилигине жолдонмо алды. Аны менен катар 2009-2010-жылы туулган балдар арасынан жеңүүчү болгон 28 бала Бишкекте өтчү өлкө биринчилигине катышууга мүмкүнчүлүк алды. Катышуучулар депортамент тарабынан даярдалган диплом, медалдар менен сыйланды»,-дейт Н. Рустамов.
Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад облусунда 24 спорттук мектептер бар. Аларда 1500гө чукул жаш мушкерлер спорттун бокс түрү менен машыгып, өлкө ичиндеги Азиядагы жана дүйнөлүк мелдештерге катышып келишет.