CAFA U20 CHAMPIONSHIP МЕЛДЕШИНИН ЖАҢЫЛАНГАН ТУРНИРДИК ЖАДЫБАЛЫ

CAFA U20 CHAMPIONSHIP МЕЛДЕШИНИН ЖАҢЫЛАНГАН ТУРНИРДИК ЖАДЫБАЛЫ

5-июль күнүнөн тарта Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда Борбор Азиянын жаштар курамаларынын катышуусунда CAFA U20 Championship мелдешинин оюндары өтүүдө.

Эске салсак, тайпалык этап үчүн командалар экиге бөлүнгөн:

✔️ «А» тайпасы: Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан.

✔️ «B» тайпасы: Өзбекстан, Иран, Түркмөнстан.

Кече күнү, 7-июлда мелдештин экинчи оюн күнү өтүп анын алкагында биздин курамабыз орун алган «А» тайпасында Ооганстан-Тажикстан беттеши орун алып, ал Тажикстандын 1-0 эсебиндеги жеңиши менен аяктады. Ошентип, Мирлан Эшенов жетектеген Кыргызстандын жаштар курамасы үч упай менен турнирдик жадыбалдагы биринчи орунду сактап калды.

Тайпа ичинде 3-саптан чыккан командалар 5-6 орундар үчүн оюнда кез келсе, 2-саптагы командалар 3-4-орун үчүн ойношуп, тайпа жеңүүчүлөрү чемпиондук наам үчүн кез келишет.

Кыргызстандын курамасы эртең, 9-июлда Тажикстанга каршы кез келет. Беттеш саат 10:00 башталып, анын түз алып берүүсү Регион ТВ, Кыргыз Спорт ТВ каналдарында жана CAFA YouTube каналында жеткиликтүү болот.

Оюнга билеттер kassir.kg сайтында жана төмөндөгү дарек боюнча кассаларда жеткиликтүү: