Манаста «Ак Санат» музыкалык ансамбли түлүлдү
Манас шаарында ыктыярдуу түрдө тилектеш маданият өкүлдөрүнөнзү «Ак Санат» музыкалык ансамбли түлүп, өз алдынча жекече чыгармачылыгын баштады. Аталышынын мааниси “ак” (тазалык, ыйыктык) жана “санат” (өнөр, искусство) түшүнүктөрүн айкалыштырып, улуттук маданиятты таза, нукура формада даңазалоону билдирет.
Жанры: улуттук-фольклордук жана эстрадалык музыканы айкалыштырат
Репертуары: кыргыз күүлөрү, элдик ырлар, заманбап обондор, лирикалык, атуулдук жана дүйнөлүк чыгармалар
Аспаптары: комуз, кыл кыяк, флейта, чоор, добулбас, плектер, синтезатор, бас комуз, ооз комуз, бас гитара сыяктуу улуттук аспаптар менен катар заманбап инструменттер.
Максаты: кыргыз маданиятын сактоо жана жайылтуу, жаш муунга жеткирүү
Ишмердүүлүгү: ансамбль концерттерге, маданий иш-чараларга, фестивалдарга активдүү катышууну, аймактарда жана эл аралык деңгээлде кыргыз өнөрүн таанытууну көздөйт.
Ансамблдин дирижёру тажырыйбалуу дасыккан музыкант Абдурасул Сабирбаев өзү сыбызгы, флейта, чогойно чоор, чопо чоор, темир комузда ойнойт. Ал эми топтун курамында профессионал музыканттар КР эмгек сиңирген артисти Дүйшөн Молдобаев плектер, бас комузда, ошондой эле өз кесибинин чеберлери Бакыт Сооронбаев бас гитарада, комузчулар Мирлан Өмүрзаков, Кызжибек Султанова, Талант Абдымаликовдор, аккордеон, синтезатордо Элдияр Уметов, прима кыяк, кыл-кыяк, комуз, темир комузда Назгүл Казакова, добулбас, урма аспапта Сыргабек Тилебай уулу, Таалайбек Маматов сыбызгы, кларнетте ойносо, солисттер Айжамал Абдулкеримова, Лунарбек Миңбаев, Айбийке Кудайбердиевалар эмгектенип жатышат. Эмесе Ак Санат музыкалык ансамбли акжолтой болсун деп аруу тилек кылалы.