“Саймалуу-Таш” МЖПда “Экологиялык маданий борбор” ачылды

“Саймалуу-Таш” МЖПда “Экологиялык маданий борбор” ачылды

Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркында ачылган “Экологиялык маданий борбор” экологиялык билим берүү иш-чараларын өткөрүүнү көздөйт. Аны менен катар жергиликтүү тургундардын жаратылышта мыкты эс алуусуна жакшы шарт түзүлдү.

Анын ачылышына Тогуз-Торо районун жетекчилиги жана NABU Кыргызстан уюмунун мүдүрү Толкунбек Асыкулов жетектеген кызматкерлер катышты. Өз кезегинде Т.Асыкулов экологиялык борбордун ишиние ийгилик каалап, уюм тарабынан даярдалган белектерди тапшырды.

Аталган парктын жетекчиси Атайбек Камбаралиевдин айтымында, тикен баскан бул жерди 4,5 чакырым жерден суу тартып келип, мынтип маданий борборго айландырууга мамлекеттик каражаттан сырткары, NABU Кыргызстан уюмунун колдоосу менен экологиялык этно сөөрүлөр курулду.

Суу тартылып келгенден кийин “Жашыл мурас” программасынын алкагында, 100 даанадан ашык Тянь-Шань карагайын тигишкен жана алардын баары бүчүр алган.

Борбордун ачылыш салтанатында “Саймалуу-Таш” атындагы орто мектептин башталгыч класстарынын окуучуларынын арасында “Эл аралык канаттуулар” күнүнө карата канаттууларга уя жасоо сынагынын жеңүүчүлөрү да сыйлады. Бир айдан кийин бул жерде экологиялык билим берүү багытында мектеп окуучулары үчүн маданий иш-чара өткөрүү пландалды.