Жалал-Абад облустук филармониясы 30 жылдык мааракесин белгиледи

Жалал-Абад облустук филармониясы 30 жылдык мааракесин белгиледи


Дүйшөмбү күнү Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракеси белгиленди.
Маарекелик салтанатта филармониянын таланттары тарабынан даярдалган концерттик программа жана куттуктоолор менен коштолду. Концерт аталган мекеменин ичинде түзүлгөн фальклордук топтун улуттук музыкалык аспаптарды колдонуу менен жандуу ырлар ырдалды.
Ал эми салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Жаныш Раимжанов катышып, филармония жамаатын куттуктады.
Аппарат жетекчи, филармония 30 жыл аралыгында Жалал-Абад облусунун маданият тармагынын өнүгүүсүнө бараандуу салым кошконун белгиледи. Ошондой эле  талыкпаган эмгегиңиздер жана чыгармачылыкка болгон чексиз берилгендигиңиздер, элге эстетикалык ырахат тартуулап, кыргыз искусствосунун бай мурасы кийинки муундарга өтүп жатат – деп кошумчалады. 
Токтосун Тыныбеков атындагы облустук филармония 1994-жылы Жалал-Абад облустук Мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен уюшулган. 
Азыркы учурда анда, Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Арзыбек Бедияров, Шахра Талипова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Анарбай Райымканов, Токтомурат Осмоналиев, Маданияттын мыкты кызматкерлери Абдыкайым Ашимбаев, Туратбек Өмүрканов жана Алимбай Матов сыяктуу белгилүү өнөр инсандары эмгектенип келет. Алар менен катар жаш таланттар да тарбияланып, чыгармачылыгын арттырып жатышат.


“Акыйкат”