Токтогулда Элмирбек Иманалиевдин айкели ачылды

Токтогулда Элмирбек Иманалиевдин айкели ачылды

Бул тууралуу Токтогул райондук мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Кечээ, 20-апрелде шаардын борбордук аянтында уюштурулган иш чарага район акими Акылбек Тюкебаев, Эл өкүлдөрү Кундузбек Сулайманов, Мирлан Самыйкожо уулу, чыгармачыл инсандар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Элмирбек Иманалиев — кыргыз элинин сүймөнчүгү, таланттуу төкмө акын, обончу, манасчы жана актер катары таанылган. Ал 1978-жылы 17-январда Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген . Элмирбектин төкмөлүк өнөргө болгон кызыгуусу мектеп жашынан эле башталган. Алгач 6-класста окуп жүргөн кезинде колуна комуз алып, эл алдына чыккан. Бул өнөрүн байкаган төкмө акын Тууганбай Абдиев аны борборго чакырып, өнөр жолундагы алгачкы кадамдарын баштоого жардам берген .​ 2004-жылдан 2020-жылга чейин «Айтыш» республикалык коомдук фондун залкар төкмө акын Элмирбек Иманалиев жетектеп, анын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Анын жетекчилиги астында фонд кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө, айтыш өнөрүнүн жайылышына жана жаш акындардын тарбияланышына зор көмөк көрсөткөн.
​2016-жылы Элмирбек Иманалиевге Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылган. Ал 2020-жылы 20-апрелде 42 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайткан. Маркумдун кызы Айзуура Иманалиева тарабынан «Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фонд» түзүлүп, акындын мурасын сактоо жана өнүктүрүү иштери улантылууда .​