Ноокен районунун Дооронбек Садырбаев айыл аймагында жайгашкан №1 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы инновациялык орто жалпы билим берүү окутуу-тарбиялоо комплексинин 510 орундуу типтүү имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземине облус башчысы Тилек Текебаев жана Ноокен районунун акими Таалайбек Ишенбеков катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө облус башчысы Тилек Текебаев аталган билим берүү мекемесинин жаңыланып ачылышы менен жергиликтүү тургундарды, мугалимдерди жана окуучуларды куттуктап, имарат менен таанышып чыкты. Ошондой эле, мектепке бир интерактивдүү доска белекке тапшырды.
Аталган 510 орундуу типтүү мектеп имараты республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ага 54 млн 767 миң сом акча каражаты жумшалган.