Жалал-Абадда медреселер текшерүүгө алынды

Жалал-Абадда медреселер текшерүүгө алынды

КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Жалал-Абад облусу боюнча өкүлчүлүгү, Жалал-Абад шаардык мусулмандар хатибияты, Жалал-Абад район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, шаардык ички иштер бөлүмүнүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам өкүлүдөрү менен биргеликте, шаар аймагында иштеп жаткан балдардын диний жана диний эмес лагерлеринин, окуу курстарынын, ийримдеринин ишмердүүлүгүн текшерди.

Текшерүү учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген, дин агенттигинин уруксаты жок жана санитардык талаптарды сактабаган айрым жайларга эскертүүлөр берилип, адистер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.