Сузакта ымыркайлар жандандыруу бөлүмүнө инкубатор аппарат алынды

Сузакта ымыркайлар жандандыруу бөлүмүнө инкубатор аппарат алынды

Сузак районундагы ымыркайларды жандандыруу бөлүмүнө
демөөрчүлөрдүн колдоосу менен заманбап инкубатор аппарат алынды. Мындай
маалыматты Сузак аймактык бейтапканасынын ымыркайлар жандандыруу
бөлүмүнүн дарыгери Эльза Боргулова билдирди.
Анын айтымында, бул жабдуунун жардамында ара төрөлгөн балдар өлүмүнүн
алдын алууга болот.
«Түркиялык демөөрчү биздин бейтапкана үчүн заманбап кувез инкубатор
аппаратын сатып алып беришти. Адатта бул жабдууга 500 граммдан жогору ара
төрөлгөн ымыркайлар салынат. Анын артыкчылыгы баланын дене табын жана
нымдуулукту сактап берет. Меджабдуунун көмөгү менен мындай балдардын
өлүмүнүн алдын ала алабыз», - деди ал. 
Мындан сырткары ал бейтапкананын төрөт бөлүмүндөгү ымыркайлардын
жандандыруу бөлүмүндө жалпы 6 сипап аппараты бар экенин, алдыңкы күндөрү
министрлик тарабынан жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн термикалык аппараттар
берилээрин кошумчалады.
Өткөн 2025-жылы Сузак аймактык бейтапканасында 3956 төрөт болуп, 3961
ымыркай жарык дүйнөгө келген. Ал эми быйылкы жылдын 2 айында  591
ымыркай төрөлгөн.