«160 койкалуу облустук балдар ооруканасында 275 бала жаткырылды» Жалал-Абадда жаш балдар арасында курч респератордук вирустук инфекция күч алды

«160 койкалуу облустук балдар ооруканасында 275 бала жаткырылды» Жалал-Абадда жаш балдар арасында курч респератордук вирустук инфекция күч алды

Мындай маалыматты саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Өмүрбек Махмаджунус уулу ырастады. Анын айтымында илдет Жалал-Абад шаарында күч алган. Мындан улам үй-бүлөлүк медициналык борборунун дарыгерлери бейтапканаларда нөөмөт менен түнкүсүн иштеп жатат. 
«Кышкы сезондо курч респератордук вирустук инфекция күч алды, негизинен илдет жаш балдар арасында көп катталууда. Негизи балдардын иммунитети алсыз болгондуктан, бат ооруп жатышат. Ушул тапта 160 койкалуу облустук балдар ооруканасында 275 бала жаткырылды. Бейтапкана жетекчилигинин көмөгү менен кошумча орундуктар даярдалып, балдардын саламаттыгына кам көрүлүп жатат. Бейтапканадагы кызматкерлер басым менен (нагрузка) иштеп жаткандыктан, түнкү нөөмөт бөлүмдөрүнө  үй-бүлөлүк медициналык борборунун дарыгерлери кезек менен барып, кесиптештерине жардам берип жатышат. Бул убактынчалуу көрүнүш, илдет басаңдаганга чейин ушундай жол менен иш алып барышат. 
Аны менен бирге үй-бүлөлүк медициналык борборлорунун, фельдшердик аккушердик пункттардын кызматкерлери үймө-үй кыдырып ооруп жаткан балдарды текшерүүдөн өткөрүп, стационарларга жөнөтүп жатат»,-деди координатор Ө. Махмаджунус уулу. 
Мындан сырткары ал жарандарды жашы жете элек балдарын эл көп чогулган жайларга алып барбай турууга. Коомдук жайларда бат кап тагууну сунуштап, карантиндик эрежелерин сактоого үндөдү. 
Курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция- вирустук оорулардын тобу. Ал жогорку дем алуу жолдорун жабыркатат. Бул ооруга сасык тумоо, парагрипп, респиратордук-синцитиалдык инфекция кирет. Оору аба жолдору менен жугат. Оорунун белгилери болуп мурундун бүтүшү, тамактын кычышуусу, жөтөл, чыйрыгуу, баш оору, булчуңдардын ооруксунуусу, ичтин өтүшү, кусуу эсептелет.