Базар-Коргондо асыл тукум малдардын көргөзмөсү уюштурулду
Бул туурасында райондук айыл чарба депорматентинен билдиришти. Маалым болгондой, район аймагындагы асыл тукум мал баккан фермерлер бир аянтчага чогулган.
“Бүгүнкү күн асыл тукум мал, жылкы, эт, сүт багытындагы малдар жана кой баккан фермерлерди чакырганбыз. Көргөзмөдө жарандарга сандан сапатка өтүү тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Иш чарада көпчүлүктү кызыктырганы 85 кг салмактагы Ирландиядан алынып келинген «Биталл» пародасындагы теке болду. Ал “Алтын-Була” чарбасына тиешелүү. Бүгүнкү күнү чарбада 80 баштан ашык сүт багытындагы эчкилер бар”,-дейт депортаменттин башчысы Марсел Коконов.
Мындан сырткары көргөзмөдө айыл чарба техникалары да көрсөтүлдү.
Аталган иш чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Базар-Коргон районунун акими Мирлан Карагулов жана жергиликтүү жашоочулар катышты.
"Акыйкат"