Тогуз-Тородо “Таза-Кызмат” муниципалдык ишканасына атайын техника жана таштанды таштоочу урналар берилди

Тогуз-Тородо “Таза-Кызмат”  муниципалдык ишканасына атайын техника жана таштанды таштоочу урналар берилди

Мындай маалыматты райондук мамлекеттик админстрациясынан билдирди. Маалым болгондой, буга чейин аталган муниципиалдык мекеме жоюлуп кетип, быйыл кайра түптөлгөн.
«Бүгүнкү күнү «Таза-Кызмат» ишканасына жалпы наркы 4 млн 400 миң сомдук техникалар жана жабдуулар алынып берилди. Бул долбоор “Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондусу” мекемеси тарабынан каржыланды. Мында 8 куб таштанды сыйган унаадан сырткары 20 даана таштанды таштоочу урналары да бар. Буга чейин бул ишкана иштеп жатып, бирок тез эле жоюлуп кеткен экен. Быйыл кайрадан ишкананы түптөп, жумушчулар иш менен камсыз болду. Алдыда мекемеге жаңы техникаларды сатып берүү боюнча аракеттер көрүлөт»,-дейт район акими М
анас Мураталиев.
7000ге чукул абоненти бар “Таза-Кызмат” муниципалдык ишканасында бүгүнкү күнү 26 кызматкер эмгектенет. Район калкы 1 айга таштанды үчүн 150 сом акы төлөйт.

"Акыйкат"