Облус жетекчиси “Жамгыр” алтын кенинде болду

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында жайгашкан “Жамгыр” алтын кенин иштеткен “Вертекс Голд Компани” тоо-кен фабрикасына барды.
Аталган фабрика 2022-жылы ишин баштап, мында миңден ашуун жергиликтүү тургун жумуш менен камсыз болгон.
Бирок 2024-жылдын март айынан тарта фабрика убактылуу ишин токтотуп турган, учурда кайра иштетүүгө даяр абалда сакталууда. Анын негизги себеби, казылып алынган руданын курамынын өзгөрүшүнө байланыштуу өндүрүштүк процессти улантуу мүмкүн болбой калгандыгы. Учурда жаңы руданын лабораториялык изилдөөлөрү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгына ылайык керектелүүчү жаңы техникаларды орнотууга даярдыктар көрүлүүдө.
Ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаев заводдун учурдагы абалы менен жеринен таанышып, тиешелүү тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ошондой эле ал фабриканын ишин кайра жандандыруу үчүн облустук бийлик тарабынан зарыл болгон колдоолор көрсөтүлөрүн белгиледи.