“Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгын кайрылуусун кароо жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
Жаңы-Арык айылы № 4-ТОКТОМУ 28-август 2023-жыл
“Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгын кайрылуусун кароо жөнүндө”
“Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгын” Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы 2017-жылдан 2023-жылга чейинки берилген 180 жер участогун мыйзамдуу берилгенин көз карандысыз адистерге текшертүү максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражатын карап берүү жөнүндөгү 2023-жылдын 20-июлундагы №04-15/7365 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгын” 2023-жылдын 20-июлундагы №04-15/7365 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
- Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгын” Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы 2017-жылдан 2023-жылга чейинки берилген 180 жер участогун мыйзамдуу берилгенин көз карандысыз адистерге текшертүү максатында жергиликтүү бюджеттен керектелген 360 000 (үч жүз алтымыш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралсын.
- Көз карандысыз адистерге текшертүү максатында жергиликтүү бюджеттен керектелген акча каражатын мыйзамдуу ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы: А. Кубатбеков