Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Уларбек Исмаилов облус активине тааныштырылды

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Уларбек Исмаилов облус активине тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалган Исмаилов Уларбек Тавалдиевич облус активине расмий тааныштырылды.

Жаңы дайындалган биринчи орун басарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Адилет Акбаралиев тааныштырып, ага жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.
Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө бир катар район, шаарлардын жаңы дайындалган жетекчилери да облус активине тааныштырылды. Алар:

— Базар-Коргон районунун акими болуп дайындалган Алтынбек Бектуров;
— Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев;
— Майлуу-Суу шаарынын мэри Алмаз Байгазиев;
— Базар-Коргон районунун акиминин орун басары Канышай Кадырова;
— Сузак районунун акиминин орун басары Асел Сансызбаева.
Дайындалган жетекчилердин жоопкерчиликтүү кызматтарында ийгиликтер кааланып, элге кызмат кылууда жигердүү жана натыйжалуу иш алып барууга чакырылды.
Ошондой эле, бүгүн Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалган Эдилбек Тажимырзаев, Чаткал районунун акиминин орун басары Махабат Токуева жана Базар-Коргон районунун акиминин биринчи орун басары Ниязбек Козуевдер да жер-жерлерде район, шаар активдерине тааныштырылат.