Жалал-Абад ОИИБде кадрдык жаңылануу

Жалал-Абад ОИИБде кадрдык жаңылануу
Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругуна ылайык, Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары, ал эле контролдоо-методикалык бөлүмчөсүнүн башчысы милициянын майору Талантбек Эргашевге кезектеги милициянын подполковниги атайын наамы ыйгарылды.
Жалал-Абад ОИИБдин буйругунун негизинде, Жалал-Абад ОИИБдин медицина кызматынын башчысы кызматына милициянын кенже лейтенанты Эламан Токтогулов дайындалды.