Аксыда Нарын дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы бала 23 күндөн бери табылбай жатат. Издөө иштерине суучулдар тартылды

Аксыда Нарын дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы бала 23 күндөн бери табылбай жатат. Издөө иштерине суучулдар тартылды

Аксыда Нарын дарыясына чөгүп кеткен 8 жаштагы баланы суучулдар издеп жатат. Анын ата-энесинин кайрылуусунун негизинде бүгүн 29-апрелде ГЭСтерден суу 5 саатка токтотулган. Аны издөөгө 5 суучул (водалаз) тартылганын ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынан билдиришти. Бирок издөө иштеринен майнап чыккан эмес.

“Издөө иштери бүгүн таңкы 5те башталган. Ага,  КР ӨКМнин РӨКОнун №2 ӨИКОдон 5 суучул-куткаруучу, Манас шаары боюнча ӨКБнөн 4-суучул-куткаруучу мындан сырткары Аксы райондук №30 ӨКБдан издөө иштерине 10 куткаруучу жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылды. Суу тартылган учурда суучулдар дарыянын ортсундагы ири таштардын (скалалардын)  арасын суу астынан издешкен. Тилекке каршы бала табылган жок. Ушундай эле издөө иштери Өзбекстан республикасынын ӨКМи тарабынан да жүргүзүлүп жатат”-,деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 5-апрель күнү Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылында 2018-жылы туулган бала Нарын дарыясынын жээгинде ойноп жатып сууга агып кеткен.