Жалал-Абадда калк арасында сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жасалды
Жалал-Абад облусуна сасык тумоого каршы 10 миң доза вакцина алынып келинип, эмдөө өнөктүгү жүрдү. Мындай маалыматты Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык борборунан билдирди. Маалым болгондой, облус калкына 100 миң доза вакцина керектелет.
«Аба-ырайы төмөндөгү курч виркстук оорулар күч алат. Бул мезгилде сасык тумоого каршы вакциналар алынып келинип, калкка акысыз вакцина жасалат. Бул жылга вакцинанын алгачкы партиясында 10 миң доза «гриппол» вакцинасы келди, аны дубандагы бардык район-шаарлардагы медициналык мекемелерге таратып бердик. Вакцина алгач улгайган адамдар, өнөкөт оорулары бар жарандар, медицина кызматкерлерине жана жаш балдарга жасалат. Негизи биздин облуска 100 миң доза вакцина керектелет»,-деа айтылат маалыматта.
Эске салсак, өткөн жылы Жалал-Абад облусуна 30 миң доза «гриппол» вакцинасы берилип, калк арасында эмдөө жүргөн.