Сузакта майыптыгы бар жарандар үчүн реабилитациялык борбордун курулушу 95%га аяктап калды

Сузакта майыптыгы бар жарандар үчүн реабилитациялык борбордун  курулушу 95%га аяктап калды

Бул тууралуу райондун Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Нурсултан Түгөйбеков билдирди. Анын айтымында алдыңкы күндөрү бул жай расмий ачылып, пайдаланууга берилет.

Быйыл жыл башында демөөрчүлөрдүн колдоосу менен  ден-соолугунан майыптыгы бар жарандар үчүн реабилитациялык борбор курула баштаган. Анын сметалык баасы 150 миң долларды түзөт. Борбор үчүн  Жыгач-Коргон айылынан 20 сотик жер тилкеси бөлүнүп берилген. Бүгүнкү күнү 1 кабаттуу имараттын ичи, тышы толугу менен бүткөрүлүп зарыл болгон эмеректер орнотулуп жатат. Куруучуларга бул жайга аялуу катмардагы инсандар келгендиктен алар үчүн бардык шарттар жаратылып, сапатка өзгөчө маани берүү зарыл экенин эскерттүүдөбүз”,-деди айыл өкмөт башчы Нурсултан Түгөйбеков.

Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад облусунда 51 миңден ашуун ден соолугунан майыптыгы бар жаран бар. Ал эми Сузак районунда 13 миңден ашуун майыптыгы бар жаран мамлекеттен жөлөк пул алып келет.