Базар-Коргондо социалдык шаарча курулуп жатат

Базар-Коргондо социалдык шаарча курулуп жатат
Облус башчысы Тилек Текебаев Базар-Коргон районундагы социалдык шаарчанын курулушуна капсула салды.
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагында курулушу башталган социалдык шаарчанын пайдубалына капсула салды.
Долбоордун алкагында 10 батирлүү турак жай, мечит, фельдшердик-акушердик пункт, тигүү цехи жана мектеп курулат. Долбоор “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.
Облус башчысы айыл тургундарын куттуктап, бул демилге аймактын инфраструктурасын чыңдап, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана калктын жашоо шартын жакшыртууга өбөлгө болорун белгиледи.