31 жаштагы Манас Абдыкалыков «Жалал-Абад» аэропортунун жетекчиси болуп дайындалды
31 жаштагы Манас Абдыкалыков "Жалал-Абад" аэропортунун жетекчиси болуп дайындалды. Ал бул кызматка кечээ 18-майда киришкен. Ал буга чейин Кара-Көл шаарынын вице-мэри кызматын аркалап келчү.
"Жалал-Абад" аэропортунда күн сайын Бишкек-Манас-Бишкек багыты боюнча 3 каттам ишке ашырылат.
Резюме:
Аты-жөнү: Абдыкалыков Манас Акматалиевич
Туулган күнү: 24.02.1995
Үй-бүлөлүк абалы: Бойдок
Билими:
2001–2012 — №4 гимназия мектеби, Жалал-Абад шаары
2012–2013 — FLEX программасынын катышуучусу (2012–2013)
Чикаго, Иллинойс, АКШ
2013–2017 — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети
Кыргыз-Европа факультети, «Экономика жана башкаруу» адистиги
Бишкек, Кыргызстан
2017–2019 — К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университети
Магистратура, «Экономика» багыты
Жалал-Абад, Кыргызстан
2020–2023 — К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университети
Бакалавр, «Юриспруденция» багыты
Жалал-Абад, Кыргызстан
2019–2023 — К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университети
Аспирантура, «Экономика жана эл чарбасын башкаруу (тармактар боюнча)»
Жалал-Абад, Кыргызстан
Иш тажрыйбасы: 2017–2020 - жылдары Жалал-Абад шаарындагы
К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде Экономикалык сабактар боюнча окутуучу
2017 – 2022-жылдары , Жалал-Абад шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин жаштар комитетинин төрагасы
2021 – 2024-жылдары Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси (азыркы Манас)
Милдеттери: инвестициялык долбоорлорду даярдоо, экономикалык анализ жүргүзүү, мамлекеттик сатып алуулар үчүн документтерди даярдоо, долбоорлор боюнча бүткөрүлгөн объекттерди кабыл алуу ж.б.
2024 – 2025-жылдары Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы (азыр Манас),
Милдеттери: шаардын жалпы экономикалык ишмердүүлүгүн координациялоо ж.б.
16.07.2025 – 25.03.2025
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын вице-мэри.
