Түгөлбай Муратов Ала-Бука районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды

Түгөлбай Муратов Ала-Бука районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды

44 жаштагы Түгөлбай Муратов Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары болуп Муратов Туголбай Асилбекович дайындалды. Мындай маалыматты Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчулүгүнөн кабарлашты. Маалым болгондой, жаңы дайындалган акимдин орун басарын бүгүн Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Адилет Акбаралиев район активине тааныштырды. 
Буга чейин, бул кызматты Муктар Шербаев аркалап келген, ал буга чейин Нарын облусунун Ак-Талаа районуна аким кызматына дайындалган болчу. 
Резюме: 
Аты-жөнү:  Муратов Түгөлбай Асилбекович 
Туулган жылы, айы, күнү: 07. 09. 1982-жыл
Туулган жери: Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл аймагынын Чаңгыр-Таш айылын. 
Билими: Жогорку. 
1999-2004-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин инженердик-технологиялык факультетинде жогорку билим алган. 
Эмгек жолу: 
1. 2012-жылдан 2016-жылга чейин Сузак райондук кеңешинин депутаты.
2. 2014-2015-жылдары Сузак аймактык ооруканасынын Чаңгыр-Таш филиалынын чарба иштери боюнча башчысы. 
3. ⁠2015-2016-жылдары Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык секторунун жетектөөчү адиси.
4. ⁠2017-2018-жылдары Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана иш кагаздары менен камсыздоо бөлүмүнүн адиси. 
5. ⁠2018-2020-жылдары Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын реалдуу секторунун башчысы. 
6. ⁠2020-2021-жылдары Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык секторунун башчысы. 
7. ⁠2021-2023-жылдары “CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо үчүн кошумча каржылоо Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу АРИС Долбоорунун” Базар-Коргон району боюнча эксперти. 
8. ⁠2021-2024-жылдары Кара-Дарыя айылдык кеңешинин депутаты. 
9. ⁠2024-жылы Жалал-Абад шаардык мэриясынын уюштуруу иштери жана персоналды башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси болуп эмгектенген. 
10. ⁠2024-жылдын 1-декабрынан 2026-жылдын 17-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Уюштуруу-инспектордук, кадр иштери жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси кызмат ордунда эмгектенип келген.