Жалал-Абад: Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата кичи футбол мелдеши өтүүдө

Жалал-Абад: Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата кичи футбол мелдеши өтүүдө
Бүгүн Манас шаарындагы Курманбек стадионунда Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев катышып, спорт тармагында эмгектенип жаткан кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.
Облус башчысы өз сөзүндө дене тарбия жана спорт тармагындагы адистердин эмгеги элдин саламаттыгын чыңдоодо, жаш муунду тарбиялоодо жана өлкөнүн намысын көтөрүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Ошондой эле облуста спорт тармагын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан жумуштарга токтолуп, бүгүнкү күндө 24 спорт мектеби иштеп жатканын, анда 265 машыктыруучу 11 миңден ашуун жаш спортчуну тарбиялап жатканын билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө облустун бардык район жана шаарларынан келген Балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин жамааттары катышып, өз ара күч сынашууда.
Мындан сырткары, спорт тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн спорт мектептеринин кызматкерлери, ардагер жана машыктыруучуларга Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Өткөн жылы облус аймагында 10 жаңы спорттук объект курулуп, пайдаланууга берилген. Мындан тышкары, 15 спорттук объект реконструкцияланып, учурда бир катар шаарларда стадиондор жаңыланууда. Ошондой эле Манас шаарында 5200 орундуу заманбап спорт сарайынын курулушу жүрүп жатат.