Манас шаарында жыл жыйынтыгы менен спортчулар сыйланды

Манас шаарында жыл жыйынтыгы менен спортчулар сыйланды
Манас шаарында спорт тармагында 2025-жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды. Иш-чарага Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов, Манас шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Таласбек Нуралиев, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.
 Жыйында спорт тармагындагы жетишкендиктер талданып, кемчиликтер жана чечүүнү талап кылган маселелер боюнча пикир алышуу болду.
 Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков спортчуларды кирип келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, спорт тармагын колдоо, машыгуу шарттарын жакшыртуу жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө жергиликтүү бийлик тарабынан туруктуу колдоо көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле командалык спорт түрлөрүнөн волейбол жана баскетбол көңүл сыртында калып жаткандыгын айтып, спорттун бул түрлөрүнө да өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын кошумчалады.
 Иш-чаранын соңунда ийгилик жараткан спортчулар жана машыктыруучулар сыйланды.