Жалал-Абад облусунда эки социалдык объект онлайн форматта пайдаланууга берилди

Жалал-Абад облусунда эки социалдык объект онлайн форматта пайдаланууга берилди
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Токтогул районунун Торкен айылындагы Аманкан Мамыров атындагы №27 жалпы билим берүүчү орто мектебинин жана Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагына караштуу Табылгыты айылындагы Эмилбек Касымалиев атындагы спорт залдын онлайн форматтагы салтанаттуу ачылыш аземине катышты.
Торкен айылындагы 275 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин имараты заманбап талаптарга жооп берген шартта курулуп, анын курулушуна 109 млн 362 миң сомдон ашуун каражат жумшалган.
Ал эми Табылгыты айылындагы спорт залдын курулушу көп жылдар бою аягына чыкпай келген. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин, ошондой эле Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен курулуш иштери толук аяктап, 11,2 млн сом каражаттын эсебинен элдин пайдалануусуна берилди.
Ачылыш аземинде облус башчысы Тилек Текебаев айыл тургундарын куттуктап, жаңы социалдык объекттердин ишке кириши айыл жаштарынын билим алуусуна жана ден соолугун чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи. Ошондой эле ал 2025-жылы Жалал-Абад облусунда аткарылган негизги иштерге кыскача токтолду.