Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң өзөнүнө 25 миң көчөт олтургузулду

Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң өзөнүнө 25 миң көчөт олтургузулду

Мындай маалыматты райондук мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалым болгондой, иш чарага райондогу мекеме-иш каналардын кызматкерлери тартылган.

«Бүгүнкү күнү Тогуз-Торо токой чарбасынын Макмал токойчулук бөлүмүнүн Сары-Булуң участкасынын 15 гектар жерине терек көчөттөрү тигилди. Көчөт отургузуунун негизги максаты жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу, көрктүү, таза жана табияты кооз жайларды жашылдандыруу, келечек муунга мурас катары калтыруу болуп саналат»,-дейт район акиминин биринчи орун басары Темирбек Арун уулу.

Мындан сырткары ал ушул эле күнү райондогу мектеп окуучуларын ынтымакка чакырып бир аянчага чогултуп, алар 5 гектардан ашык аянтка көчөт отургузганын кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, Тогуз-Торо районунда токойлордун жалпы аянты 9,5 миң гектарды түзөт.