Чаткалда бугу чарбасы иштеп жатат

Чаткалда бугу чарбасы иштеп жатат

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында  бугу чарбасы түзүлүп иштеп жатат. Ал корукту түзүү үчүн райондун өнүктүрүү фонду тарабынан 3 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө анда Орусиянын Алтай аймагынан алынып келинген 40 баш бугу каралууда.

Аталган чарбага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев барып жакындан таанышты.

Облус башчысы буга чейин бул демилгени ишке ашыруу максатында жергиликтүү бийликке тийиштүү тапшырмалар берилгенин ырастады. Тилек Текебаев белгилегендей түзүлгөн бугу чарбасы райондун өзгөчөлөнгөн туристтик потенциалын, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн арттырууга жакшы шарт түзөт.

"Акыйкат"