Базар-Коргондогу борбордук парк оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат

Базар-Коргондогу борбордук парк оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат

Шаардык мэриядан билдиргендей, реконструкциялоо жумуштары үчүн калаа бюджетинен 700 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген.

«Баарына белгилүү болгондой, бул жылы 9-май Жеңиш майрамы облустук деңгээлде Базар-Коргон районунда уюштурулат. Салтанаттуу иш чара борбордук аянтта жана паркта өткөрүлгөндүктөн, шаар бюджетинен 700 миң сом акча каражаты бөлүнүп оңдолуп жатат. Реконструкциялоо жумуштары 1-майга чейин аягына чыгарылат»,-деп айтылам мекеме берген маалыматта.

Райондогу эс алуу багы 1980-жылдары негизделген. Эс алуу багы2019-жылдын 28-январында 5,3 миллион сомдук оңдоо иштеринен кийин кайрадан пайдаланууга берилген. Бул парк район борборунда жайгашып, коомдук жана мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыковдун ысымын алып жүрөт.​ 2024-жылдын март айында аталган паркта Үсөн Сыдыковдун айкелин ачуу аземи өткөрүлүп, ага жергиликтүү жетекчилер жана коомдук ишмерлер катышкан.