Жалал-Абадда турак жайы күйгөн жана унаасы автокырсыкка кабылган жарандарга сертификаттарды тапшырылды

Жалал-Абадда турак жайы күйгөн жана унаасы автокырсыкка кабылган жарандарга сертификаттарды тапшырылды

 Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Жалал-Абад филиалынын директору Марат Кудайбергенов турак жайы күйгөн жана автокырсыкка кабылган жарандарга сертификаттарды тапш

ырышты. 

Шаар мэри сертификаттарды тапшырып жатып бул каражат өрттөнгөн турак жайды калыбына келтирүү жана автокырсыктын чыгымдарын жабууга  көмөк болоорун белгилеп, шаар тургундарын турак жайларын жана автоунааларын камсыздандырууга чакырды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абадда жыл башынан бери 4764 турак жай, 27013 автоунаа мамлекеттик камсыздандыруудан өткөн.