Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин Х чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы болуп өттү

Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин Х чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы болуп өттү
Ага Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков, шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, эл өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Анда жалпы 12 маселе күн тартибине киргизилди:
1. КРнын турукташтыруу фондунан Жалал-Абад шаарына бөлүнгөн акча каражаты жөнүндө;
2. Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик жер тилкенин укуктук зонасын өзгөртүү жөнүндө;
3. Жалал-Абад шаарындагы Ж.Болотов атындагы №21 мектебинде жайгашкан трансформаторду Жалал-Абад райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө;
4. Жалал-Абад шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкенин укуктук зонасын өзгөртүү жөнүндө;
5. Мамлекеттик менчиктеги мүлктөрдү муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө;
6. "Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча кеңешинин иш тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө;
7. “Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялары жөнүндө" Жобону бекитүү жөнүндө;
8. Жалал-Абад шаарынын аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө;
9. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин 14.04.2015-жылдагы кезектеги ХХII сессиясынын №2 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө (№4 балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби)
10. Жалал-Абад шаарындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлердин курамын макулдашуу жөнүндө (жаңы ачылган УШК №2460 жана №2461)
11. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин эмблемасын бекитүү жөнүндө;
12. Ар түрдүү маселелер.
Сессиянын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча эл өкүлдөрү тарабынан суроолор берилип, сунуш-пикирлерди эске алуу менен бир добуштан колдоо тапты.
Акырында ар түрдүү маселелер каралып, анда депутаттар мектеп, бала бакча куруу, реконструкцияланып жаткан жолдордун сапатын көзөмөлдөө, шаарды көрктөндүрүү жана элдин саламаттыгы үчүн бак-дарактарды отургузуу сыяктуу маселелерди көтөрүшүп, тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилди.