КР БШКсы эскертет

КР БШКсы эскертет
КР БШКсы эскертет: Мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз үгүт жүргүзүү аракеттерине жол берилбейт
Урматтуу саясий партиялар, талапкерлер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, интернет басылмаларынын өкүлдөрү жана шайлоо процессинин башка катышуучулары!
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Бул шайлоо - өлкөбүздүн парламенттик демократиясын өнүктүрүү, элдин эркин жана акыйкат добуш берүү укугун камсыз кылуу, адилеттүү жана мыйзамдуу шарттарды камсыздоо жаатында өтө маанилүү саясий жараян болуп саналат.
Шайлоо дайындалган күндөн тартып, добуш берүүнүн жыйынтыктары расмий жарыяланганга чейин саясий партиялар, талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жакын туугандары кандай гана формада болбосун кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузууга мыйзам жол бербейт.
Шайлоого катышууга ниетин билдирген бардык саясий партияларды жана жарандарды ар кандай үгүт белгилери камтылган иш-чараларды, сыйлоолорду, демөөрчүлүк колдоолорду уюштуруудан, буга чейин жүргүзүлгөн иштерди коомчулукка башка максатта көрсөтүү менен жашыруун үгүт катары кабыл алынуучу иш-аракеттерден карманууга чакырабыз.
Ошондуктан, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинде каралган шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин жана чектөөлөрүн так сактоо ар бир саясий партиянын жана талапкер болууга ниетин билдирип жаткан жарандардын, шайлоо процессинин башка субъекттеринин түздөн-түз милдети экенин эсиңиздерге салабыз.
Атап айтканда:
- шайлоочуларды сатып алууга багытталган бардык аракеттер - анын ичинде акча, белек, акысыз же арзандатылган товар жана кызмат көрсөтүү, материалдык баалуулуктарды берүүгө;
- ибадат кылуу имараттарында, билим берүү мекемелеринде, саламаттык сактоо уюмдарында, кооптуу өндүрүш объекттеринде жана мыйзамда белгиленген башка жерлерде үгүт иштерин жүргүзүүгө;
- үгүт материалдарында же сөздөрүндө диний, этностук, расалык, жыныстык же аймактык кастыкты козуткан чакырыктарды, башка мамлекеттердин саясатчыларынын сүрөттөрүн же катышуусун колдонууга;
- саясий атаандаштардын ар-намысына, ишмердик беделине шек келтирген, жалган жана бурмаланган маалыматтарды жайылтууга катуу тыюу салынат.
Жогоруда мыйзамда белгиленген эрежелер сакталбай, бузуулар болгон учурда Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди каттоодон четтетүүгө чейинки чечимдерди кабыл алууга укуктуу экендигин эсиңиздерге салабыз.
Жогорку маданияттагы саясий атаандаштык, таза үгүт иштери жана жарандардын эркин тандоосуна болгон урмат - бул шайлоонун легитимдүүлүгүнүн жана туруктуулугунун негизи болуп саналат.
Андыктан, ар бириңиздерди шайлоо алдындагы үгүт ишмердүүлүгүн мыйзам чегинде, таза жана мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелерди туура сактоо менен жүргүзүүгө чакырабыз.
КР БШКнын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу тобу