Аксыда быйылкы жылдын 3 айында кибер алдамчылык боюнча 33 учур орун алып кылмыш иши козголгон

Аксыда быйылкы жылдын 3 айында кибер алдамчылык боюнча 33 учур орун алып кылмыш иши козголгон

 Мындай маалыматты Аксы районунун прокурорунун орун басары Тынчтыкбек Кенжебаев билдирди. Анын айтымында учурда бул иштер боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

“Акыркы учурда маалыматтык технологияларды пайдалануу менен жасалган кылмыштардын саны өскөнү байкалат. нын ичинде эӊ көп таралган схемалар  телефон аркылуу алдамчылык  кылуу болуп эсептелет. Талдоолорго  ылайык, Аксы районунда телефон  аркылуу алдаган фактылар көп кездешет.

Мисалы, кибер кылмышкерлер адамдар менен банк кызматкери болуп сүйлөшүп, картадан бирөө-жарым акча алганы жатканын айтып, каражатын башка эсепке которууну же насыя алууга үндөп, чет өлкөлүк кайсы бир компанияга инвестор болуп акчаңды көбөйт деп, жарандарды алдап акчаларын  котортуп жатышат.

2026-жылдын 3 айында Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан бул категориядагы кылмыштар боюнча жалпы 33 кылмыш иши козголуп, жалпы козголгон иштердин 34% түзүп, учурда алар боюнча тергөө жүргүзүлүүдө”,-деди Т. Кенжебаев.

 Мындан сырткары ал жарандар мындай учурларга туш болгондо   биринчи кезекте банк кызматкерине чалуу жүргүзүү зарыл экенин, анткени, ал картадагы акчаларды башка жакка которууга жол бербоо үчүн тийштүү аракеттерди колдонушу мүмкүн экенин айтып. Ошол эле учурда укук коргоо органдарына билдирүү бериш керектигин  кошумчалады.