Жалал-Абад шаарындагы базардан өрт чыкты

Маалым болгондой, тилсиз жоо бүгүн 19-июнда эртең мененки саат 9дар чамасында калаадагы Береке базарындагы дүкөндөрдүн биринен чыккан.
Ушул тапта жеринде шаардык өрт өчүрүү кызматынын куткаруучулары тартылып, өрттү өчүрүүдө.
Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Уларбек Исмаилов өрт электр тогунун кыска туташуусунан чыкканы божомолдонуп жатканын, кырсыктан эч ким жапа чекпегенин маалымдады.
Ушул тапта өрт өчүрүлүүдө.