Жалал-Абаддагы жарылуу: газ орнотулган «mercedes-benz sprinter» унаа оңдоочу жайда жарылган

Жалал-Абаддагы жарылуу: газ орнотулган «mercedes-benz sprinter» унаа оңдоочу жайда жарылган

Учурда ишти милиция тергеп жатат. Маалым болгондой, жарылуу 20-апрелде кечке жуук 17лер чамасында калаанын Курманбек көчөсүндө жайгашкан «Гранд СТО» унаа оңдоочу жайында орун алган. 
Атын атагысы келбеген усталардын бири ал жерде унааларга орнотулган газ жаюдыктарын оңдоп келгенин айтат. 
«Бул жердеги уста көп убакыттан бери газ орнотулган унааларды оңдоп, филтирлерин алмаштырып тейлеп келчү. Ошол күнү да биз кадимкидей эле иштеп жатканбыз. Алардын боксуна  «mercedes-benz sprinter» үлгүсүндөгү унаа келип, оңдотуп жаткан. Бир учурда жарылган каттуу дабыш чыкты, чуркап барсак унаа өрттөнүп жатыптыр. Ошол замат тез жардам чакырып, айрымдарын жеңил унаага салып бейтапканага жеткирдик. Өрт өчүрүүчү унаа келип жалындаган өрттү өчүргөндөн кийин унааны сыртка алып чыктык»,-дейт ошол жердеги усталардын бири. 
Жалал-Абад шаардык өрткө каршы күрөшүү кызматынан да тилсиз жоо унаа оңдолуп жатканда чыкканын, унаага орнотулган газ баллон жарылганын айтып, учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатканын маалымдады. 
Ал эми, облустук милициядан аталган маалымат Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, териштирүү иштери башталганын билдирди. 
 « 20-апрель күнү Жалал-Абад ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө ЖАОКБнын дарыгери кабарлаган. Анда  саат 16:50 чамасында Базар-Коргон районун 1988-ж.т. А.Д.аттуу тургуну  2013-ж.т. уулу менен  Жалал-Абад шаарындагы Курманбек көчөсүндө жайгашкан "Грант СТО" автоунаа оңдоочу жайга өзүнүн "Мерседес-бенс" үлгүсүндөгү автоунаасын оңдотуп жаткан учурда  автоунаанын ичиндеги газ баллон жарылып кеткендигин билдирген. 

Натыйжада 1988-ж.т.  А.Д. жана 2013-ж.т.уулу,  ошондой эле окуя болгон жерден Сузак районунун 1983-ж.т. К.О., 1976-ж.т. У.И., аттуу тургундары,  Жалал-Абад шаарынын 1991-ж.т. Г.У., 1992-ж.т. Б.К. аттуу тургундары денесинен алган жарааттарынан улам ЖАОКБнын ОЭМП бөлүмүнө жаткырылган. 
Азыркы учурда жабырлануучулар Ош областтык ооруканасына мындан аркы дарыланууга которулган.  Ал эми А.Д.  2013-ж.т. уулу биринчи жардам алып үйүнө чыгып кеткен»,-деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.