Абсаттар Сыргабаев Өзбекстандын Оштогу башкы консулу менен жолугушту

Абсаттар Сыргабаев Өзбекстандын Оштогу башкы консулу менен жолугушту

Жалал-Абад облусу менен  коңшу Өзбекстан Республикасынын Андижан, Наманган жана Фергана облустарынын ортосундагы карым-катнаштар жакшырды. Бул  чек аралардын ачылгандан кийинки жетишилген натыйжа. Ошондой эле мынданы ары да экономикалык ири долбоорлор ишке ашырылат. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу Зафарбек Ахмедов менен болгон жолугушууда белгиледи.

 Жолугушууда буга чейин Жалал-Абад облусу менен Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун ортосунда түзүлгөн Жол картада бекитилген пункттардын ишке ашырылышы тууралуу сөз болду. Облус башчысы бул кызматташтык алкагында алгылыктуу жылыштар бар экенин белгилеп, аткарылган жумуштар, алдыдагы пландарга токтолду.

Кечээ, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев коңшу Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу Зафарбек Ахмедов менен жолугушту. Мында тараптар Жалал-Абад облусу менен коңшу Өзбекстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык, билим берүү, маданият жана туризм багытындагы ар тараптуу кызматташтык алакаларынын жүрүшү, ырааттуу өнүктүрүү багыттарын талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда башкы консул облус өкүлүн ушул жылдын май айында өтүүчү Ташкент шаарындагы ишкердик форумуна чакырды.